• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Шаардык сот: Жапырт кармалгандардын иши боюнча апелляциялык арыз келип түштү

22 Бештин айы 2022 17:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык сотуна Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саяатчы, активисттердин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочулардын апелляциялык арызы келип түштү. Бул тууралуу Govori.TVга шаардык соттун басма сөз катчысы Айсулуу Жаасынова билдирди.

Шаардык сот камактагылардын бөгөт чарасын качан карай турганын тактаган жок. Азырынча белгисиз.

Эске салсак, 21-декабрда өткөн маалымат жыйында «Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык» беренесинин негизинде кармалгандардын жактоочулары Бишкектин Биринчи май райондук соту жактоочулардын апелляциялык арызын Бишкек шаардык сотуна жөнөтпөй жатканын айтып, нааразы болушкан.

Количество просмотров: 496