• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кулов менен Садыр Жапаров эмне жөнүндө сүйлөштү?

10 Жалган куран 2021 10:14 Бишкек Govori.TV

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов президент Садыр Жапаров менен жолукту. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, Кулов Жапаров менен 9-мартта жолуккан.

«Сүйлөшүү бир сааттан ашык убакытка созулду. Мен өзүм үчүн эч кандай кызмат сураган жокмун жана сурайын деген деле ниетим жок. Мен үчүн эң башкысы саясий туруктуулук жана экономикалык кризистен чыгуу үчүн ыкчам, натыйжалуу чечимдерди табуу. Жолугушуунун максаты өлкөнүн экс-министри иштеп чыккан, калктын реалдуу акчалай кирешелерин жогорулатууга жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүүгө багытталган өтө кызыктуу социалдык долбоорго өлкө жетекчилигинен колдоо табуу. Мен дагы бир катар башка маселелер боюнча көз карашымды жана конкреттүү сунуштарымды айттым. Албетте, баарлашууда учурдагы саясий абал, анын ичинде конституциялык реформага карата айтылган сындар тууралуу дагы кеп козголду»,-деп жазган ал.

Количество просмотров: 1635