Министр Жээнбек Кулубаев Украинанын Тышкы иштер министри Андрей Сибига менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын жалпы дебаттарынын алкагында Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана аны мындан ары кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты. Тараптар кызматташтыктын өз ара пайдалуу багыттарында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.