• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Кулябда 18-кабаттан кулаган жумушчу каза болду

5 Бештин айы 202317:43 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Куляб шаарында курулушта иштеген 21 жаштагы жумушчу 18-кабаттан кулап каза болду. Ал «Комил-2010» компаниясына тиешелүү соода борбордун курулушунда иштеп жаткан.

Компаниянын ээси тажик президентинин кудасы жана Байланыш кызматынын башчысы Бег Сабурдун баласы Сиёвуш Зухуров экени айтылып келет.

Куляб шаардык ички иштер башкармалыгы жумушчу 25-ноябрда каза болгонун маалымдады.

Ишти Куляб шаардык прокуратурасы териштирип жатат.

Жергиликтүү тургундар жаңы соода борборунун курулушундагы коопсуздук чараларын бир нече жолу сынга алышкан. Соцтармак колдонуучулары жумушчулар эч кандай кепилдиксиз крандарга чыгып жүргөнү тартылган видеолор менен бөлүшүшкөн.

2019-жылдан 2021-жылга чейин Тажикстандын курулуш жана архитектура боюнча комитети «Комил 2010» компаниясынын курулуш долбоорлоруна карата бир нече жолу сын айткан. Комитет ишкана жетекчилигинен бир катар мыйзам бузууларды жоюуну талап кылган, бирок жергиликтүү тургундардын арыз-даттануулары азайган эмес.

Долбоорго ылайык, жаңы соода борбору 24 кабаттан турат. Бүгүнкү күндө курулуш иштери уланууда. Бул Куляб шаарындагы эң бийик имарат болот. Негизинен калаадагы бийик имараттар 12 кабаттуу.

Количество просмотров: 163