• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кулжыгачов: ЖЭБдин кампасында 281 миң тонна көмүр бар

5 Тогуздун айы 2021 12:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек Жылуулук электр борборунун кампасында бүгүнкү күндө 281миң тонна көмүр бар. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда ЖЭБдин инженери Нурлан Кулжыгачов билдирди.

Анын айтымында, күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБине жалпысынан 1 миллион 650 миң тонна көмүр керек.

«Келе жаткан 2021-2022-жылдагы күз-кыш жылытуу мезгилине өкмөттүн токтому боюнча 1 миллион 650 миң тонна көмүр керек. Анын бир миллион тоннасы жергиликтүү Кара-Кече көмүрү болсо, 643 миң тоннасы импорттолот. Түзүлгөн келишимдердин негизинде график менен келип жатат. Кампада 281 миң тонна көмүр бар. Ишканада 17 буу казан, тогуз буу агрегатыбыз бар. От казандарды жана турбогенераторлорду оңдоо иштери жүрдү», — деди Кулжыгачов.

Количество просмотров: 64