• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кум-Бел жана Ак-Бейит ашууларында унаа кыймылы убактылуу жабылды

6 Жетинин айы 20249:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда Кум-Бел (506-507 км) жана Ак-Бейит (476-478 км) ашууларында 20 см кар жаап, унаалардын өтүүсүнө тоскоолдуктар жаралганы үчүн өтмөк убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.

Учурда жолду тазалоо жана тайгаланууга каршы каражаттар менен толтуруу иштери жүрүп жатат. Түнкүсүн Өтмок ашуусунда кар күрткүсү болуп, ал жерде да кар тазаланып жаткан. Ашууда 14-чакырымдан 6-чакырымга чейин кар чынжырынын жоктугунан жүк ташуучу унаалардын тыгыны байкалууда.

Транспорт министрлиги айдоочуларга ашууларга барардан мурун унааларында кышкы дөңгөлөктөр жана кар чынжырлары болушун сунуштайт.

Количество просмотров: 224