• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кумарканага келе турган чет элдиктер үчүн виза талабын жоюу сунушталды

21 Жетинин айы 2022 14:40 Бишкек Govori.TV

Чет элдиктерге Кыргызстандагы кумарканаларга визалык каттоого турбастан келип-кетүүгө уруксат берүү сунушталууда. Мындай жеңилдик каралган мыйзам долбоору бүгүн 21-ноябрда коомдук талкууга коюлду.

Министрлер кабинети демилгелеп, Экономика жана коммерция министрлиги иштеп чыккан долбоордун негизги максаты Кыргызстандагы атайын оюн-зоок аймактарына келүүнү каалаган чет элдик жарандардын тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыздоо жана ошол аркылуу инвестиция тартуу, кошумча жумуш орундарын түзүү экени маалымдалды.

Эгер сунуш колдоо таап, президент кол койсо, «Тышкы миграция жөнүндө», «Кыргызстандагы оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүү киргизилип, кумарканага келген чет элдиктер виза толтурбай, документин каттатпай 15 күн бою жүрө алышат.

Мыйзам долбоорунда «Атайын оюн-зоок зонасы – Министрлер кабинети аныктаган жана/же түзгөн, оюн-зоок уюштуруу жана жүргүзүүгө арналган, аймагында атайын укуктук, валюталык жана башка режимдер иштеши мүмкүн болгон аймак же инфраструктура» экени жана ал аймакта оюн-зоок ишин түзүүнүн жана жүзөгө ашыруунун тартибин Министрлер кабинети белгилей турганы да жазылды.

Кыргызстанда казинолордун ишине 2012-жылы тыюу салынган эле. Мындай чечимди кабыл алууга кумар оюндарынын кесепетинен үй-жайынан, колдо бар мүлкүнөн ажыраган адамдардын жакындарынын кайрылуулары себеп болгону айтылган.

Кумарканалардын чет өлкөлүктөр үчүн иштөөсүнө уруксат берген мыйзам быйыл 22-июнда парламентте экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат «макул», тогузу «каршы» болгон. «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан беш депутат добуш берген эмес.

Президент Садыр Жапаров ал мыйзамга 30-июнда кол койгон. 25-июнда мыйзамды колдоп берген депутаттарга алкышын айткан, ал эми каршы чыккандарды “саясий упай топтоп, элдин диний ишенимдерине ойноп, өздөрү эптеп бийликке келүүнү эңсеген күчтөр” деп атаган.

Количество просмотров: 71