• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кумса экенин жарыялаган жигит дайынсыз болууда

1 Жетинин айы 2019 15:37 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстанда кумса экенин алгач ирет жарыялаган 24 жаштагы дарыгер Касымберди Гараевдин дайыны чыкпай жатат. Анын алдында ал полицияга чакырылган.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы билдиргендей, Гараев камалган болушу ыктымал.

Басылма 21-октябрда жеке коопсуздугу үчүн анын атын Камил деп өзгөртүп макала жарыялаган. Анда Касымберди Түркмөнстанда жыныстык азчылыктын өкүлдөрүнө карата мамилени өзгөртүш үчүн ушундай кадамга барып жатканын айткан. Ал — өзүнүн кумса экенин ачыкка чыгарып, маалымат каражаттарына кайрылган алгачкы түркмөнстандык.

Бул макала жарыялангандан кийин Касымберди 24-октябрда полицияга чакырылганын кабарлаган. Түркмөнстанда өкмөттүк мекемелерде иштеген адамдар маал-маалы менен суракка чакырылып, тек-жайы текшерилип турат.

25-октябрда «Азаттыктын» түркмөн кызматы күч түзүмдөрүндөгү өз булагына таянып, Улуттук коопсуздук министрлиги маалымат каражаттарында өзүнүн кумсалыгын ачык айтып чыккан адамды издөөгө алып, ооруканаларда иштеген жаш дарыгерлерди бирден текшере баштаганын билдирген.

Түркмөнстанда кумсалык үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Жыныстык азчылык өкүлдөрүнө жасалган зомбулук тууралуу маалыматтар тастыкталбай же төгүндөлбөй келет. Мурунку союздук республикалардын ичинен Өзбекстанда да кумсалык үчүн мыйзам боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Жаш дарыгер 13-октябрда үй-бүлөсүнө видеокайрылуу жолдогон.

Количество просмотров: 993