• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дээрлик бир ай өттү. Таш-Көмүрдө дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө уланууда

14 Үчтүн айы 202512:38 Бишкек Govori.TV

Таш-Көмүрдө дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, издөө иштерине бүгүн ӨКМден 54 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер, туугандарынан 25, жалпысынан 94 адам чыкты жана 4 дрон тартылды.

Издөө иши өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Ал ар бир кокту-колотторду кылдаттык менен кароону жана коопсуздукту сактоо менен иш алып барууну тапшырды.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрында Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган М.Д. аттуу тургуну Сүттүү-Булак жайлоосуна мал айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн бери изделип жатат.

Количество просмотров: 167