• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Кумтөр боюнча эки гана адамды күнөөлүү деп эсептейм». Момбеков акыркы камоолор тууралуу…

10 Кулжа 2021 16:23 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаты Рыскелди Момбеков «Кумтөр» боюнча акыркы камоолорду саясаттын курмандыгы деп эсептей турганын айтат.

«Пикиримди айтпасам калк кечирбейт, таамай сөзүмдү айтпасам тарых кечирбейт. «Кумтөр» боюнча кылымдын кылмышы боюнча эки гана келишим негиз болгон. Эки гана адамды күнөөлүү деп эсептейм. Бири 2003-жылкы келишим боюнча Аскар Акаев, экинчиси 2009-жылкы келишим боюнча Курманбек Бакиев. Калган камоолорду саясаттын курмандыгы деп эсептейм. Аларды 2013-жылдардагы Садыр Жапаров жетектеген комиссиянын улутташтыруу боюнча чечимине каршы болгонсуңар деп камап жатышат» — дейт Момбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров 31-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту чечими менен 31-июлга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалган.

УКМКнын маалыматына ылайык, депутаттарга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылган

Количество просмотров: 10296