• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жыл жыйынтыгы: ЖМК мыйзамы, миллиондук доо, камоолор. Сөз эркиндигинин абалы

3 Үчтүн айы 2024 10:00 Бишкек Govori.TV

Соңку жылдары өлкөдө жалпыга маалымдоо каражаттарына жана журналисттерге кысым күчөп, сөз эркиндигинин чектелип жаткандыгы тууралуу көбүрөөк айтылып жатат. Былтыр иликтөөчү журналист Болот Темиров өлкөдөн күч менен чыгарылса, быйыл журналисттерге чоң көлөмдөгү айыппулдар салынып, көз карандысыз медиаларга каршы доо арыздардардын негизинде сот иштери уланып келет.

Белгилей кетсек, 2019-жылдан бери жарандык коом «#REакция» деп аталган акция өткөрүп келишкен. Анын катышуучулары бийликти сөз эркиндигин коргоого, коррупция менен күрөшүүгө чакырып турушкан. Азыр Бишкекте мындай жүрүштөр дагы өтпөй калды. Биринчи Май райондук соту жергиликтүү бийликтин борбордо митинг-пикеттерди чектеген чечиминин мөөнөтүн үч айга узарткан. Баш калаадагы чектөө 2022-жылдын март айында кабыл алынган. Ошондон бери мөөнөт улам үч айга узартылып келет. Акция өткөрүүнү каалагандар Горький атындагы бакчага чогулса болот. Бир катар укук коргоочулар митингдерге тыюу салынышын сындашууда.

Бул арада президенттин администрациясы жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) тууралуу жаңы мыйзам долбоорун сунуштады. Жаңы мыйзам долбоору боюнча интернет басылмалары укуктук жактан жөнгө салынат. ЖМК ээси деген институт киргизилет. Журналистика эми ишкердик эмес, коомдук кызмат деп айтылат. Андыктан ЖМК ээсинин редакциялык саясатка кийлигишүүсүнө мыйзам тарабынан чек коюлат, бул нерсе ЖМК уставында да бекитилет.Чет элдик жарандарга ЖМК негиздөө укугу берилбейт. Цензура болбойт, бирок гезит бетине, ТВ жана радиого эмнеге чыгып жатканына коомдук көзөмөл орношу керек, деп айтылат документте.

Бийликтин ЖМК мыйзамын жаңылоо аракети өлкөдөгү бир катар журналисттерге жана редакцияларга басым күчөп турган маалга туш келди. Документ сөз эркиндигин чектейт деген сын -дооматтан кийин жумушчу топ түзүлдү. ЖМК тууралуу мыйзам долбоору алгач сунушталгандан бери беш жолу редакцияланды. Ал эми жумушчу топтун сунуштары эске алынган эмес.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев коомчулукта талкуу жаратып жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун парламент кылдат карап, журналисттердин жана жарандардын сунуш-пикири эске алынарын билдирди. Шакиев Борбор Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин белгилеп, буларга токтолду.

Баарынан кызыгы ЭлТР мамлекеттик телеканалы көз карандысыз «ПолитКлиника» медиасын сотко берип, моралдык зыян катары 10 миллион сом талап кылды. Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” сайтын жабуу боюнча сотко кайрылып, териштирүү жүрүүдө. Жогорку Сот “Вечерний Бишкек” гезитинин арызынын негизинде көз карандысыз Kaktus.media басылмасына 500 миң сом, сайттын журналисти Диля Юсуповага 100 миң сом айып пул салган.

Акыркы убакта соцтармактарда бийликти кескин сындап жүргөн Nazar news сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаевага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (“расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты (араздашууну) козутуу”) боюнча айып тагылган. Биринчи Май райондук соту 2023-жылдын 1-декабрына чейин №1 тергөө абагына камаган. 20-ноябрда Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Учурда тергөө иштери уланууда. Ал эми жазуучу, публицист Олжобай Эгембердиев (Олжобай Шакир) «массалык башаламандыкка чакырууга айыпталып камакта жатат. Мындан сырткары, Кемпир-Абад ишине байланыштуу “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен камалган жыйырмадан ашык саясатчы, активисттердин арасында журналист жана саясат талдоочу Айданбек Акматов да бар. Ал дээрлик бир жылдан бери абакта.

Ошол эле учурда өлкөдө “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору нааразычылыктар менен коштолууда. Сынга кабылган мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова баштаган 32 депутат демилгелеп алдыга сүрөп жатат. Ал эми жарандык коом документ кабыл алынса өкмөттүк эмес уюмдарга көзөмөл күчөп, саясатка тиешеси жок көпчүлүк бейөкмөт уюмдар жабыла турганын белгилеп, аталган мыйзамдын кесепеттерин эскертүү менен бийликке коңгуроо кагышууда.

Президент Садыр Жапаров быйыл да жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат жыйын өткөрбөй турганы белгилүү болду. Адатта Кыргызстанда президенттер жылдын аягында журналисттерге басма сөз жыйынын уюштуруп суроолорго жооп берип келишкен.

Ал эми Жапаров Элдик курултайда сөз сүйлөп, “Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин жана адам укуктары мындан ары да сактала турганын” айтты.

Эл аралык Human Rights Watch (Хьюман Райтс Вотч) уюму Кыргызстанда бийлик адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча берген убадаларына карабастан сын айткандарга жана жарандык коомго басым кылып жатканын билдирди. Бул аралыкта Civicus Monitor эл аралык жарандык коом альянсы дүйнөдөгү адам укуктарынын корголушу боюнча жылдык баяндамасын жарыялады. Анда Кыргызстан 2023-жылдын жыйынтыгы менен адам укугу, сөз эркиндиги, жарандардын эркиндиги жаатында «абалы начар» өлкөлөрдүн катарынан төмөндөп, «жарандардын эркиндиги тушалган», «репрессиячыл» өлкөлөрдүн тизмесинен орун алды.

Количество просмотров: 191