• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

«Кумтөр» боюнча кармалган Тайырбек Сарпашев абактан чыкты

30 Кулжа 202118:53 Бишкек Govori.TV

Мурдагы биринчи вице-премьер министр Тайырбек Сарпашевдин бөгөт чарасы өзгөрдү. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалымат боюнча, Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 29-июнундагы токтомуна ылайык, Д.Т.Сарпашевге карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы сотко чейинки өндүрүш жана соттук териштирүү аяктаганга чейин анын туруктуу жашаган жеринен кетпөөсү жөнүндө кол коюу түрүндө бөгөт коюу чарасына өзгөртүлдү.

Эске салсак, Сарпашев Кумтөр иши боюнча 17-июнда кармалып, сот эки айга камакка алган.

УКМК тараткан маалыматка караганда, Тайырбек Сарпашев канадалык «Центерра Голд» компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирген.

Количество просмотров: 1866