• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

«Кумтөр иши» боюнча Сарпашевге 260 миң сом айып салынды

11 Бирдин айы 202216:10 Бишкек Govori.TV

“Кумтөр иши” боюнча айыпталып жаткан мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев «коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, сот тарабынан 260 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 4-февралда чыккан. Мурдагы аткаминер мамлекетке 260 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилди.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупцияга шек саналып жаткан мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди былтыр 17-июнда кармаган. Сарпашевге 2017-жылдагы документтер боюнча айып тагылган.

Количество просмотров: 483