• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: “Кумтөр” боюнча дагы бир аткаминер кармалды. Коронавирус дагы 653 адамга жукту

18 Кулжа 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 18-июндагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен төрт адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын үчөө Бишкекте, бирөө Ошто катталды.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1920 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 653 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (269) жана Чүй облусунда (116). Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 113 430 адамга жетти. Бир күндө 372 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2206 адам жатат, дагы 3946 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон.

САРПАШЕВ КАРМАЛДЫ

Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Сарпашев жогорку саясий кызматта иштеп жатып, канадалык «Центерра» компаниясынын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөргө зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш-аракеттери аныкталды. Сарпашев өкмөттө жооптуу кызматтарды ээлөө менен, «Центерранын» кызыкчылыгы үчүн мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана аны кабыл алууга тоскоолдук кылган.

Мындан тышкары Сарпашев кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, «Кумтөр Голд Компаниге» мөңгүлөрдү иштетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө, Кумтөр кенинде жайгашкан Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн талкаланышына алып келе турган Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү парламенттин кароосуна киргизген.

Сарпашев тергөө тарабынан аныкталган кылмыштуу аракеттерин эске алуу менен кечээ, 17-июнда Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) боюнча кармалды. Жакын арада Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карайт», — деп айтылат маалыматта.

ЖЭЭНБЕКОВ МЕНЕН ЗУЛПУКАРОВДУН БӨГӨТ ЧАРАСЫН КАРОО ЖЫЛДЫ  

Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерге байланыштуу камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу арыз Бишкек шаардык сотунда каралбай калды. Буга 18-июндагы отурумга кылмышка шектүүлөр алып келинбегени негиз болду. Кийинки сот отуруму 23-июнда өтөт.

Эки депутаттын адвокаттары алардын коргоосундагы адамдардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылган. Алар сот жабык өтүп, жараянга шектүүлөр алынып келбегенине нааразы болушту. Ал эми Жээнбеков менен Зулпукаровдун 100дөй тарапташы соттун имаратынын сыртында митинг кылышты. Митингге Асылбек Жээнбековдун агасы — Жусупбек Шарипов дагы келди. Ал учурда Кыргызстандын Украина жана Молдовадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштейт.  Депутаттар «Кумтөр иши» боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 31-майда эки айга камакка алынган.

Количество просмотров: 560