• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мурдагы биринчи вице-премьер министр Сарпашев камакта калды

20 Кулжа 2021 10:31 Бишкек Govori.TV

Мурдагы биринчи вице-премьер министр Тайырбек Сарпашевдин бөгөт чарасы каралып, 31-июлга чейин камакта калды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-июнда чыгарды.

Сарпашев Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерге байланыштуу 17-июнда кармалган. Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, Тайырбек Сарпашев канадалык «Центерра Голд» компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирген.

Кошумчалай кетсек, Тайырбек Сарпашев 2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр, 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр болгон.

Количество просмотров: 99