Бүгүн, 15-декабрда экс-вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев кайрадан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына суракка чакырылган.
Сурак берүүгө кирер алдында Сарпашев журналисттердин бир нече суроолоруна жооп берип, жакындары жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзгөн объектини мамлекеттин балансына өткөрүп берүүгө даяр экендигин билдирди. Анын айтымында, ал башынан эле тергөө иштеринин бардык суроолоруна жооп берүүгө жана аны менен кызматташууга даяр болгон.
Эске салсак, Тайырбек Сарпашев Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Токтогул районунун Торкен айылынын балансына мурун өзүнө жана жакын туугандарына катталган, Токтогул районунда жайгашкан 530 гектар жерди кайтарып берген.