• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Кумтөр жыл башынан тарта 146,7 млн долларга алтын сатты

26 Бугу 2023 17:00 Бишкек Govori.TV

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК тарабынан 2023-жылдын биринчи чейрегинде 77 547 унция же 2 412 кг алтын сатылса, 2022-жылдын ушул эле маалында бул көрсөткүч 63 077 унция же 1 962 кг алтынды түзгөн.

Компаниянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2023-жылдын биринчи чейрегинде алтынды сатуудан түшкөн жалпы киреше 146,7 млн долларды түзсө, 2022-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 119,9 млн долларды түзгөн.

«Кумтөр Голд Компани», «Кыргызалтын» ААК жана КР өкмөтүнүн ортосунда 2009-жылы түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатуу боюнча кайра каралган келишимде (АКСКК) көрсөтүлгөндөй, Кумтөр кенинде өндүрүлгөн Доре куймалары «Кыргызалтын» ААК тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык заводдо андан ары кайра иштетүү үчүн сатылып алынат.

Аффинаждалган алтынды жана күмүштү Кыргызстанда жана анын чегинен тышкары сатуу боюнча өзгөчө укукка АКСККтын жоболоруна ылайык, «Кыргызалтын» ачык акционердик коому гана ээ.

Количество просмотров: 87