«Кумтөрдөгү» техника тейлөө бөлүмүндө жалпы 204 оор техника бар. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн башчысы Турсунбек Давытов журналисттерге билдирди.
«Биздин бөлүмдө 408 кызматкер иштейт. Ал эми оор техниканын жалпы саны 204. 180 тоннага чейинки жүктөрдү көтөрөт. Акыркы жолу жаңы техникалар ушул жылы келди. Азырынча бүт системалар кол түрүндө иштеп жатат. Иш токтоп калбаш үчүн бардык кызматкерлер салымын кошуп жатат. Мурда автоматтык системада иштечү. Кол түрүндө иштөөдө убакытты уттуруп коюп жатабыз», — деди ал.
Белгилей кетсек, кыргыз өкмөтү жана «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссия алтын кенге ЖМК өкүлдөрүн алып барып, акыркы кырдаал менен тааныштырды. Анда адистер негизги карьердеги оор техникаларды көрсөттү.