• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Кумтөрдү» иликтөөчү депутаттык комиссияга кимдер кирди? (тизме)

17 Бирдин айы 2021 12:14 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 17-февралдагы жыйынында “Кумтөр” алтын кенинин тегерегиндеги маселелерди иликтөө үчүн адепутаттык комиссия түзүлдү. Комиссиялык топко пропорционалдык негизде фракциялардан мүчөлөр тандалды. Ага “КСДП” фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Рыскелди Момбеков, Айнуру Алтыбаева, Саматбек Ибраев, “Республика-Ата-Журттан” Умбеталы Токторалиев, Абдыбек Дүйшалиев, Закир Шарапов, “Кыргызстандан” Замирбек Эсенаманов, Урмат Самаев, “Өнүгүү-Прогресстен” Осмон Турдумамбетов, “Бир Болдон” Акылбек Жапаров, “Ата Мекенден” Каныбек Иманалиев кирди.

Комиссия түзүү тууралуу демилгени депутат Жыргалбек Турускулов көтөрдү.

Количество просмотров: 609