• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

«Кумтөрдө» канча кыргыз жараны иштей турганы айтылды

28 Бугу 2021 20:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күндө «Кумтөр» кенинде 3500 кыргыз жараны иштейт. Бул тууралуу «Кумтөрдүн» өндүрүш боюнча директорунун милдетин аткаруучу Нурдин Усенов билдирди.

Анын айтымында, фабрикада жана карьерде иштегендердин жүз пайызы кыргызстандыктар.

«Бүгүн өзүңүздөр күбө болгондой, бардык бөлүмдөр иш алып барып жатышат. Эч кандай көйгөй жок. Толук кандуу иш жүрүп жатат. Компьютердик программалар өз калыбына келди. Көйгөйлөрдүн бардыгы жокко чыкты деп айтсак болот. Азыркы тапта ишканада 3500 кыргыз жараны иштейт. Мурун 98,5 пайызды түзчү», — деди Усенов.

Ошондой эле Усенов Канадалык жетекчилер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин башкаруу жаатында кандай өзгөрүүлөр болгонуна токтолду.

«Буга чейин деле жетекчилик кызматтарда кыргыз жарандары иштеп келген. Мисалы, мен өзүм алтын улоочу фабриканын менеджери болуп, 2012-жылдан бери эмгектенип келгем. Менин кол алдымда 6 чет элдик иштейт. Ал эми тышкы башкарууга өткөнү кичине гана өзгөрүүлөр болду. Мурда англисче сүйлөсөк азыр кыргызча, орусча сүйлөшүп калдык дегендей.Теңиз Бөлтүрүк мени институтта окуткан агайым болчу. Эмгек жамааты баарына түшүнүү менен мамиле жасап жатат. Башка өзгөрүү жок, адистер өз ордунда иштеп жатат, алар көп жылдык тажрыйбасы бар. Жамаат ичинде азыркы тапта маанай жакшы. Айлык маяна убагында берилди»,-деп кошумчалады ал.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 17-майдагы кезексиз жыйынында “Кумтөрдү” тышкы башкарууга алуу чечими кабыл алынган. Жетекчилик кызматка Канададан чакырылган тоо инженери Теңгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Количество просмотров: 2421