«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхий-археологиялык музей комплексинин башкы директорун дайындоого талапкерлердин документтерин кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Комплекстин башкы директорунун кызмат орунуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:
— гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу, маданият жана искусство багыттары боюнча жогорку кесиптик билими;
— музейлердеги иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес же маданият жана искусство чөйрөсүндөгү жетекчилик кызмат орундарында иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес;
— илимий даражасынын болушу артыкчылыктуу. Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
— “Сулайман-Тоо” музей комплексин өнүктүрүү программасы;
— резюме (байланыш телефон номерин, электрондук почтаны көрсөтүү менен),
— автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— кадрларды эсепке алуу баракчасы; — нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
— илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү.
Бардык документтер 25-июль күнү саат 18:00гө чейин тапшырылышы керек.