• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

«Кумтөрдүн» акчасына түзүлгөн Жаратылышты өнүктүрүү фондунун директору кармалды

14 Кулжа 2023 13:43 Бишкек Govori.TV

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фондунда коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКны басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылган, УКМК тарабынан коррупция жана акча каражаттарын алуу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” коомдук фондунун жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдарынын коррупциялык механизми аныкталды, ошондой эле схеманы уюштурган жооптуу жана кызмат адамдарынан турган кылмыштуу коррупциялык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Ыкчам жана атайын тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында, туунду долбоорлорго негизсиз каржылык көрсөтүп жана айрым компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга каражат бөлүп туруучу коррупциялык схеманын негизги уюштуруучусу фонддун директору К.Ж.Т. экени такталды.

Маалымат үчүн: “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” коомдук фонду – Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты коргоо менен байланышкан социалдык, кайрымдуулук, маданий-агартуу жана башка коомдук пайдалуу коммерциялык эмес максаттарды көздөгөн, мамлекеттик эмес каражаттардын эсебинен түзүлгөн юридикалык жак.

2021-жылдан азыркы убакытка чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча долбоорлоруна “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын каражаттарынан жыл сайын 3 млн 700 миң АКШ доллары (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча 325 млн сом) өлчөмүндө каражат бөлүнүп турган. 3 жылдык каржылоонун жалпы суммасы 976 миллион 800 миң сомго жакын.

Аталган К.Ж.Т. 2021-жылдан бери Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, фонддун каражаттарынан мыйзамсыз киреше алуу жана жеке баюу максатында жаратылышты коргоо долбоорлоруна деп ар кандай уюмдарга 400 миллион сомдон ашык каражат чегерген, бирок иш жүзүндө ал акчалар жеке бизнести уюштурууга пайдаланылган. Долбоорлор экологиялык жана башка экспертизаларды өтпөстөн, эффективдүүлүгүн деталдуу изилдебестен, ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугун жана актуалдуулугун аныктабастан жактырылган жана каржыланган. Өз кезегинде Жаратылыш ресурстары министрлигинин жетекчилиги Фонддун каражаттарынын чыгымдалышына тийиштүү көзөмөлдү камсыз кылган эмес.

Учурда Жаратылышты өнүктүрүү фондунун директору К.Ж.Т., башкы адиси О.Э. жана фирмалардын биринин жетекчиси Х.Ш.Т. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Кыргыз Республикасынын УКМК иштин бардык жагдайларын, ошондой эле жогоруда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 90