• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Кумтөрдүн» кирешесинин 0,6%ы Нарынды өнүктүрүү фондуна которулат

24 Бугу 2022 12:11 Бишкек Govori.TV

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому ар бир айдын 10унан кечиктирбестен компаниянын өткөн ай үчүн алынган дүң кирешесинин 0,6 пайызын сом менен Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган Нарын облусун өнүктүрүү фондунун атайын эсебине которот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тиешелүү чечимге Акылбек Жапаров кол койду. Мындай чечим Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, «Кумтөрдүн» кирешесинин 0,6 пайызын Нарын облусун өнүктүрүүгө жумшоо тууралуу буга чейин президент Садыр Жапаров аймактын жашоочулары менен жолугушууда айткан.

Количество просмотров: 102