• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түлөбаев алтынды сатып Кытайдын карызын төлөп салуу керектигин айтты

20 Тогуздун айы 2023 15:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин «Элдик» депутаттык тобу «Альянс», «Ынтымак», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ыйман Нуру» фракциялары менен чогуу жыйын куруп, анда  Кыргызстандын 2024-жылга республикалык бюджетинин долбоору каралды.

Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Улуттук банкта турган алтынды сатып Кытайга болгон карызды төлөп салуу керектигин айтты.

“Эмне үчүн биз колдо турган алтын менен Кытайдын карызын төлөп коюуга шарт болуп турса, төлөбөй жатабыз? 51 тонна алтыны жок деле жашаганбыз 1,8 тонна алтын менен деле жашаганбыз. Эмне үчүн элдин көңүлүндө турган Кытайга болгон 1,8 млрд доллар карызды төлөп салбайбыз?”, — деди Түлөбаев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Алмаз Бакетаев Эл аралык резервдеги алтын боюнча Улуттук банк иш алып барарын, өкмөт менен башкы банктын бюджети эки башка экенин түшүндүрдү. Ал тышкы карызды төлөөгө республикалык бюджеттин кудурети жетерин, карыз берүүчүлөр менен келишилген төлөмдүн графиги сакталышы керектигин айтты.

Количество просмотров: 430