• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Кумтөрдө» тинтүү жүргөнү кабарланды

15 Бугу 2021 20:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-майда «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын Бишкектеги кеңсесинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери тинтүү жүргүзгөнү тууралуу маалымат каражаттары жазып чыгышты.

«Кактус» басылмасы тинтүү жүргөн учурда Кумтөр кенинин ишин иликтеген мекемелер аралык комиссиянын өкүлдөрү да жүргөнүн жазды.

Аталган комиссиянын мүчөсү Айнуру Алтыбаева тинтүү тууралуу маалыматы жоктугун «Азаттык» радиосуна билдирди. «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын басма сөз катчысы Мирлан Кимсанов да тинтүү тууралуу кабары жок экенин айтып, маалыматты ырастаган жок.

Ал эми УКМКнын басма сөз кызматы маалымат дүйшөмбү күнү берилерин гана билдирди.

6-майда “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам парламентте кабыл алынып, ал 14-майда күчүнө кирди.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд Компанини” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Количество просмотров: 249