• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

«Кумтөргө» Бишкекке жаңы кеңсе курууга жер бөлүнүп берилди

17 Тогуздун айы 202317:11 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинети «Кумтөр Голд Компаниге» кеңсе курууга жер бөлүп берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

«Кумтөр Голд Компани» ЖЧКнын президенти Алмазбек Барыктабасовдун айтымында «Кумтөр Голд Компани» ЖЧКга кеңсе куруу үчүн Бишкектин түштүк тарабынан жер бөлүнгөн.

Белгидей кетсек, жыйын учурунда депутат Алишер Козуев «Кумтөр Голд Компани» жаңы кеңесеге көчүп келгенине кызыгып суроо узаткан.

Ага Барыктабасов алар көчө электигин, кайра Учкун имаратына келишкенин айтты. «Бүгүнкү күндө министрлер кабинети бизге түштүк тараптан жер тилкесин бөлүп берди. Жылдын аягына чейин долбоор иштелип чыгып, кийинки жылы курулуш иштери башталат», — деп кошумчалады ал.

Количество просмотров: 107