• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кундуз Жолдубаева Аскер прокуратурасына чакырылды

20 Баш оона 201915:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.08.2019.Govori.TV.

КСДП партиясынын саясий кеңешинин төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Аскер прокуратурасына чакырылды. Бул тууралуу ал фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

«Саат 14:00гө Аскер прокуратурасынын тергөө иш-чарасына мени чакырышты», -деп жазды ал.

Кошумчалай кетсек, Кундуз Жолдубаева 7-8-августтагы Кой-Ташта болгон окуя боюнча күбө катары суралууда.

Количество просмотров: 58