• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жолдубаева: Раиса Атамбаева маршрутка менен жүрсө эмнеси бар экен?

4 Тогуздун айы 2019 22:46 Бишкек Govori.TV


Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын пакет кармап турган сүрөтү интернетке жарыяланып, талкууга алынды. Айрымдары Атамбаева УКМКнын имаратынын алдында турат деп божомолдошсо, айрымдары бул Медициналык академиянын жаны экенин айтышып, чын эле маршрутка күтүп жатат деп жазышкан. Буга байланыштуу КСДПнын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаева маалымат берди.

Ооба, бул сүрөттөгү Раиса Атамбаева. Мурдагы биринчи айым азыркы учурда Медициналык академияда ишин улантып жатат. Раиса Минахмедовна мурда деле өзүнүн адамкерчилиги, жөнөкөйлүгү менен айырмаланып турчу. Анын азыр коомдук транспорт менен жүргөнүнүн эмнеси бар экен? Бул тескерисинче, анын элге жакындыгын айгинелеп турат, — деди К. Жолдубаева.

Количество просмотров: 831