• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жолдубаева: Соттор ачык өтүш үчүн эл аралык уюмдарга кайрылабыз

3 Бирдин айы 2020 18:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун, Атамбаевдин Президенттик аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун, Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин, экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин, КСДП партиясынын мүчөлөрү Фархат Баабиев жана Рыспек Карыпбек уулунун баш коргоо чарасы каралып, №1 Тергөө абагында камакта кармалуу мөөнөтүн узартуу боюнча тергөөчүлөрдүн жана прокурорлордун өтүнүчүн карамак.

Ал эми КСДПнын төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева иштеги материалдарда анын күнөөсүн далилидеген жагдайларды көрө албаганын айтты.

«Иште көптөр 7-8-августта Кой-Ташта болуп калганы үчүн эле өтүп жатышат. Биз азыр шектүүлөр соттордун ашык өтүшүн талап кылабыз, себеби иштин материалдарынан, мисалы мен өзүмдүн күнөөмдү далилдеген жагдай көргөн жокмун. Соттордун ашык өтүүсүн талап кылып эл аралык уюмдарга кайрылабыз», — деди Жолдубаева.

Количество просмотров: 114