• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кундуз Жолдубаевага жети берене менен айып тагылды

22 Кулжа 2020 16:45 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 22-июнда уланган Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүдө Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаевага карата айыптоо корутундусу угузулган. Жолдубаеванын фейсбукка жазган маалыматына караганда, ага жети берене менен айып тагылды.

Ал бийликти күч менен басып алууну уюштурууга, массалык баш аламандыктарды уюштуруу жана жетектөөгө, адамды барымтага алууга, адам өлтүрүүгө жардам кылуу, адам өмүрүнө кол салуу, зомбулукту уюштуруу, тергөөнүн ишине тоскоолдук жаратуу, курал-жарак, ок-дарыларды уурдоо жана башка беренелер менен айыпталып жатат.

Ал эми Кундуз Жолдубаева жогоруда коюлган айыптарды четке кагып келет. Анын пикиринде, бул бийликтин буйругу менен болууда.

Кой-Таш окуясы боюнча ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту кароодо. Бул иште мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, мурунку депутат Равшан Жээнбеков жана Атамбаевдин 14 тарапташы айыпталууда. Материалдар ушул жылдын февраль айында сотко өткөн.

Количество просмотров: 1019