• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Кундуз Жолдубаева менен Болот Темировдун жубайы суракка чакырылды

7 Бештин айы 2023 13:37 Бишкек Govori.TV

“Арча Медиа” каналынын алып баруучусу Кундуз Жолдубаева, ошондой эле Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызы суракка чакырылды.

Анын айтымында, депутат Надира Нарматова аларга каршы арыз жазган.

«Бүгүн, 2023-жылдын 7-декабрнда, мага Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө суракка чакыруу кагазын алдым. Чакыруунун себеби — Арча медиа Ютуб каналында өткөрүлгөн «Матраимов, Көлбаев мафиясы менен кайсы чиновник жана депутаттардын байланышы бар?» деген аталыштагы эфир боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын доо арызы. Мен эфирди алып баргам. Конок катары — «Айт Айт десе» жана Темиров лайв долбоорлорунун операциялык менеджери Махабат Тажибек кызы болгон. Ал дагы суракка чакырылды», — деп жазган ал.

Аталган берүү “Матраимов, Көлбаев мафиясы менен кайсы чиновниктер жана депутаттардын байланышы бар?” деген темада болуп, анда Кундуз Жолдубаева алып баруучу катары журналист Махабат Тажибек кызы менен маектешкен. Анда кримтөбөл Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар делген саясатчылар, мамлекеттик кызматкерлер жөнүндө сөз болот. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын да аты аталган.

Депутат Нарматова коомчулукта “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорунун автору. Долбоор 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Бул боюнча бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигине кайрылуу жолдоп, мыйзам кабыл алынса, сөз эркиндигине жана бейөкмөт уюмдардын ишмердигине коркунуч жаратарын эскертип келет. Демилгечи депутат Нарматова мындай сындарды четке каккан.

Количество просмотров: 1462