• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Курал Чокоев: Наамдын аты эле болбосо, эч кандай пайдасы жок

13 Үчтүн айы 2021 17:53 Бишкек Govori.TV

Мага «Маданияттын отличниги» деген төш белги эч кандай маани бербейт. Эгер кааласа төш белгини кагаздары менен колдоруна алып барып карматам. Бул министрлердин жана Министрликтин компетентсиздиги бетке чабар болуп жатат. Мындай пикирин ырчы Курал Чокоев билдирген.

Биз демократиялык мамлекетте жашайбыз. Мен өзүмдүм Ютуб каналыма каалаганды жүктөсөм болот. Мен үчүн маанилүү болгон нерсе элдик ою, элдик пикири болду. Ошол үчүн бул проектини уланткан жокмун.

«Мындан чектөө коебуз, тигинден чектейбиз» деген аша чапкандык деп эсептейм. Мен ойлойм бул менин эле эмес жалпы коомчулуктун сөз эркиндигине, демократияга болгон чабуулу. Бул жакшылыкка алып барбайт. Бул абалда бүгүн мен, эртең силер болуп калышыңар мүмкүн», — деди ал.

Анын айтымында наамдын аты эле болбосо, эч кандай пайдасы жок.

Буга чейин, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун терс пикирин жараткан ырчы Курал Чокоевдин чуулгандуу автордук программасы боюнча талкуу жүргүзүп, бир катар чечимдерди кабыл алды.

Министрликтин 2011-жылдын 12-июнундагы буйругу менен Курал Чокоевге ыйгарылган «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин кайтарып алуу буйругуна кол коюлду. Кайрат Примбердиевди «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамынан ажыратуу сунушу Президенттин аппаратына жөнөтүлдү. Мындан тышкары министрликтин тиешелүү мекемелерине аталган ырчыларды мамлекеттик маданий иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо сунушталды.

Эске салсак, ырчы Курал Чокоевдин Ютуб каналындагы долбоору коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Артисттин бул долбоорунун айрым үзүндүлөрүн маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков аргасыздан көргөнүн, ырчы эмнеге мындайга барганын түшүнө албай жатканын айтып, элден кечирим сурады. Ошондой эле Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин чыгармачылыгына чектөөлөр киргизилерин айткан. Бул арада Жарандык көзөмөл комитети Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун отставкасын талап кылууда. Аталган комитет Кадырбековдун билдирүүлөрү адамдын фундаменталдык укуктары жана эркиндиктерине шек келтирет деп эсептейт.

Количество просмотров: 725