• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Курал менен ок-дарылардын бекитилген жери табылды

31 Жалган куран 202114:24 Бишкек Govori.TV

Куралдын жана ок-дарылардын бекитилген жери табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалымакта ылайык, Чүй облусунда уюшкан кылмыштуу топторго жана курал-жарактын, ок-дарылардын жана жардыргыч заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө курал-жарак жана ок-дары сакталган жер табылган.

«Жашырылган жерден номерлери өчүрүлгөн жана гильзалары бар Калашников АК-47 автоматы табылып алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак жана ок-дарылар тоноого катышкан кылмышкерлерге таандык болушу мүмкүн»,-деп деп айтылат маалыматта.

Учурда УКМК табылып алынган куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүлүүдө.

Количество просмотров: 181