• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды

11 Жалган куран 2023 13:34 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын Амир-Тимур кичирайонунан курал-жарак жана ок-дарылардын жашыруун жайы табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жашыруун жайдан револьвер үлгүсүндөгү 1 тапанча (8мм), италиялык өндүрүштөгү 1 тапанча (8 мм), чет элдик өндүрүштөгү 1 тапанча (9 мм), 1 Ф1-гранатасы, 1 детонатор капсуласы, АК-74-1 үлгүсүндөгү магазин, 61 даана 9мм, 7,62мм жана 5,45 мм калибрлүү ок-дарылар (ЛПС 7,62 мм), мээлейлер, беткаптар табылып алынды.

Аталган факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда курал-жарактардын жана ок-дарылардын ээлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 569