Бишкек.12.04.2019.Govori.TV.
Бүгүн Жогорку Кеңеште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттардын суроосунан улам үч күн мурда кызматтан алынган Курбанбай Искандаров тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, жети жыл өкмөттүн чек ара маселеси боюнча өкүлү болуп иштеп келген Курбанбай Искандаров кызматтык этиканы бузгандыгы үчүн иштен кеткендигин айтты. Эл өкүлү Таабалды Тиллаевдин кандай этика экендиги тууралуу суроосуна Өкмөт башчы:
«Анын сөздөрү… мен билбейм… Разаков (вице-премьер Жеңиш Разаков) айыптуубу же жокпу так айта албайм такташ керек. Мен аны менен иштеп жактандыктан аны күнөөлүү деп айта албайм. Эгер такталса, чара көрүлөт. Бирок, анын мага маалымдабай туруп, башка жакто жүргөнү этикага жатпайт»,-деди.
Эл өкүл такталбаган маалыматтан улам Курбанбай Искандеровдун кызматтан алынышы мыйзамдуубу деген суроону койду. Өкмөт башчы учурда аталган кызматка эки адамдын каралып жаткандыгын айтты.
Курбанбай Искандаров бир нече жыл өкмөттүн чек ара маселеси боюнча өкүлү болуп иштеп келген. Жумуштан алынганы 9-апрелде белгилүү болуп, буга өзүнүн берген арызы себеп болгону айтылган.
Эске салсак, Баткенде кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү тургундар арасында жаңжал чыгып, эки тараптан тең адамдар жабыркаган. Бул маселе Жогорку Кеңеште жабык талкууланган.