• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Кургак учук менен күрөшүгө АКШ Кыргызстанга $18 млн. бөлүп берди

26 Тогуздун айы 2019 10:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) Кыргызстанда дары-дармектерге туруктуу кургак учук менен күрөшүү боюнча беш жылдык долбоордун башталышын жарыялады. «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул кооптуу дарт менен күрөшүүдөгү аракетин колдоого АКШ Өкмөтү 18 миллиондон ашык АКШ долларын бөлүп берди.

USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Гэри Линден өзүнүн сөзүндө жаңы долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте диагностика, дарылоо ыкмаларын жакшыртуу жана бейтаптарга колдоо көрсөтүү багытыттарында иштей турганын билдирди.

Мындан сырткары, ушул оору менен байланышкан кодулоо жана басмырлоодон улам дарылануудан жалтангандар көп болгондуктан, жаңы долбоор бул көйгөйдү медициналык кызматкерлер жана коомчулук менен бирге иштеп чечүүгө аттанат.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министири Космосбек Чолпонбаев, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Санжарбек Исаев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Эльнура Боронбаева катышты.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, министрлик кургак учукка чалдыккандарга жардамдын эффективдүүлүгүн жогорулатууну улантып, аны пациенттин муктаждыктарына ыйлыкташтырууну көздөйт. “Айтылган максаттарга жетүүдө, АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги министрликтин негизги өнөктөштөрүнүн бири”, — деди министр.

Кыргыз Республикасы дүйнөдө дары-дармектерге туруктуу кургак учуктун залакасы жогору болгон 30 өлкөнүн ичине кирет, анда жыл сайын 1,4 миңдей жаңы учур катталууда. Бул кургак учуктун стандарттуу дарыларга туруштук берип, атайын дарылар менен гана жеңсе болот. Аны дарылоо эки жылга чейин созулушу мүмкүн.

«Кургак учукту айыктыруу» долбоордун иши JSI Research & Training Institute, Inc. (JSI) жана University Research Co., LLC (URC) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, ошондой эле башка улуттук өнөктөштөр менен тыгыз байланышта жүзөгө ашырылат.

Количество просмотров: 76