• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кургак учук жуктурган аскерлердин саны он бешке жетти

19 Жалган куран 2021 9:24 Бишкек Govori.TV

Куралдуу күчтөрдүн башкы штабына тиешелүү Бишкектеги аскердик бөлүктөрдөн кургак учук жугуп, ооруканага жаткан аскерлердин саны 15ке жетти.

Бул тууралуу Бишкек шаардык кургак учук боюнча диспансердин башкы дарыгери Тамара Баялиева билдирди.

«Бишкектеги Куралдуу күчтөрдүн башкы штабына тиешелүү № 97632 аскер бөлүгүнөн 14 адам, № 7412 аскер бөлүгүнөн бир кишиден кургак учук аныкталды. Инфекцияны жуктургандар бизге келгиче невролог, терапевт сыяктуу дарыгерлерге да кайрылган экен. Азыр абалдары туруктуу, дарыланып жатышат. Оору жуктургандар дагы аныкталып, саны көбөйүшү мүмкүн». — дейт ал.

Башкы штабдын басма сөз кызматы бул маалыматты ырастап, окуяны Аскер прокуратурасы териштире баштаганын маалымдады.

Аскер бөлүктөрүндөгү кызматкерлер, аскерлер рентген текшерүүдөн өтүштү. Оорунун жайылуусуна жооптуулар боюнча кызматтык иликтөө башталды.

Количество просмотров: 121