• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Курманалиева: Кайрымдуулук ишимди улап, фонд түзүү аракетинде иштеп жатам

19 Бирдин айы 2023 12:02 Бишкек Govori.TV

17-18-19-февраль күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында кезектеги окутуу иш-чарасын өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынан жалпы 17 айым келген. 7 дубандан келген айымдардын ичинде мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары,мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Алардын бири 35 жаштагы Нүргүл Курманалиева. Ал Нарын шаарынан келген.

«Нарын шаардык кеңешинин 5-чакырылышынын депутатымын. Андан тышкары Нарын медиасында журналист болуп иштеп келем. Мен өзүмдүн кесибим боюнча иштеп жатканыма 10 жылдай болуп калды. Бул аралыкта жаңылыктар бөлүмүндө иштедим, азып алып буруучулук менен алектенем. Өзүмдүн автордук 2 көрсөтүүм бар. «Кайрымдуу бол» аттуу долбоорум аркылуу колунда бар адамдар менен жардамга муктаж үй бүлөлөрдүн ортосунда көпүрө боло алдым. Андан сырткары өзүм да кайрымдуулук менен алектенип келем», — деди ал.

Количество просмотров: 183