Президент Садыр Жапаров “Манас” аэропортуна бараткан жолдо апрелчилерге делген тигүү фабрикасына барды. Мамлекет башчы Апрель окуясында жакынын жоготкондор жана жабыркагандар менен жолукту. Жолугушуунун видеосун «Айкөл таза коом» бирикмеси интернетке жарыялады.
Буга чейин фабрика куруу үчүн 2010-жылы апрель окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиев 1 млрд сом бере турганы айтылган.
Маалыматта айтылгандай, фабрика акционердик коом деп катталып, ага 317 киши ээлик кылууда.
Бакиевдер каржылаган фабрика 400 кишилик экенин кошумчаланды.
«7-апрелдеги жакынын жоготкондор, ок тийип жабыркагандар Бакиевдерден кун өндүрдүк. Чынын айтканда, 2010-жылдан кийин Бакиевди алып келип жазалайбыз дегендер убадасына турган жок. Анын ордуна, бизди апрелчилерди ар кандай саясий окуяларга пайдаланып, өзүнө жакынырактарына көнүл буруп, калганыбызды карабай коюшкан. Айрымдары үчүн, жалпы апрелчилер деле коомго жаман көрүнүп жүрдүк. Өлгөн өзүнүн шору болуп, унутулуп кала берди. Бакиевди деле алып келишкен жок. Шылуундар пайдасын көрүп, калганыбыз жөн эле четте калдык эле. Бакиевдер көп жолу, моралдык жана абийир алдында жоопкерчиликти моюнга алып, кун төлөп берели деп сунуш айтып жүрүшкөн. Өткөн өттү, эми жашоону артка кайтара албайбыз, андан көрө жабыркагандарга жардамын алып берели деп кеңештик», — деп жазды апрелчилердин бири Усупбий Шеримбаев