Башкы прокурор кызматына депутат Курманбек Зулушевдин талапкерлиги көрсөтүлүүп, көпчүлүк добуш менен, тагыраагы 84 эл өкүлүнүн макулдугу менен шайланды.
Жогорку Кеңеш президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун Өткүрбек Жамшитовду башкы прокурор кызматтан бошотуу сунушун жактырган.
Буга чейин Жамшитовду кызматтан бошотуу сунушун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети жактырып, ал маселе Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн.
Зулушев 2000-2007-жылдары Нарын жана Чүй облустарынын прокуратура органдарында эмгектенген. 2007-жылы Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы, 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары болуп дайындалган. 2015-жылы Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына «Республика — Ата Журт» саясий партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген.
Курманкул Зулушев коомчулукка президенттин милдетин аткарып жаткан азыркы өкмөт башчы Садыр Жапаров баштаган үч саясатчыны актаган судья катары кеңири таанылган. 2012-жылдын 3-октябрында Бишкекте «Кумтөр» алтын кен долбоорун мамлекеттин карамагына алууну талап кылган митинг башаламандык менен коштолуп, президенттик администрациянын кашаасын ашып өтүү аракети болуп, бир нече адам кармалган.