• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Зулушев 11 журналисттин кармалышы боюнча пикирин айтты

31 Үчтүн айы 2024 16:39 Бишкек Govori.TV

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 31-январда 11 журналисттин кармалышы боюнча пикирин айтты.

«Акыркы убакта Ички иштер министрлиги тарабынан 11 блогер кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Ар бир кармалган иште прокуратура мыйзамдуулугун карайт. Тергөө бүгүн прокуратурада жок. Жактоочулардан арыздар келип түшөт. Ар бирин карап, тиешелүү жоопторду берип жатабыз»,-деди Зулушев.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынды.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор 29-январда Ички иштер министрлигине кайрылып, 13 күндөн бери милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган 11 журналистти тергөө абагына которуу маселесин тезинен чечүүгө чакырган эле.

Количество просмотров: 101