• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Курманкул Зулушев: ТЭЦ боюнча өкмөт неге унчукпайт?…

28 Жалган куран 2018 10:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.03. 2018. Govori.TV
“Өкмөт коррупцияга каршы күрөштү аягына чыгара албайт”. Бул тууралуу парламенттин жыйынында “Республика-Ата-Журт” партиясынынан депутат Курманкул Зулушев  айтып өттү.
Анын билдиришинче, Өкмөт маанилүү долбоорлорду ишке ашыра албай, мамлекеттин кадырын кетирип жатат.
“Лигласс менен болгон келишимдин бузулду,  “Акылдуу шаар” боюнча келишим ишке ашпай калды, ал өкмөт болсо эч кандай чыгым, зыян тарткан жокпуз деп отурат? Кандайча? Авариялардан адамдар өлүп жатат. Мындан тышкары, ТЭЦтин чыры боюнча эч кандай жыйынтык жок. Ишкананы модернизациялоого 386 млн. доллар коротулуп, ал болсо бир жумалык суукка чыдабай калды. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин коррупция боюнча кылмыш иши козголбой турат. Болбосо, Эсеп палатасында аудитор болуп турган учурундагы  13 миң доллар турган унааны сатып алуу боюнча Алмамбет Шыкмаматовго дароо кылмыш ишин козгошкон. Ал турсун Өкмөт ТЭЦ боюнча азыр маселе көтөрбөй турган болуп жатат”,-деди Курманкул Зулушев.
Ошону менен бирге эле ал парламент чындап иштей турган Өкмөттү көргүсү келип жатканын билдирди.
Количество просмотров: 31