• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Курманкул Зулушев: Сапар Исаков жаш кыздын артына жашынбаңыз

11 Чын куран 2018 12:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек 11.04.18 Govori.TV

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты парламенттин бүгүнкү жыйынында айтты.

«Мен өкмөт «банкрот» болду деп айткам. Чынында эле Сапар Исаковдун «40 кадамы» артка кетти. «Лигласс», «Хуавей» деген компаниялар өкмөттүн аброюна шек келтирди. Сапар Исаков кадр маселеси менен гана алектенип туруп алды. Анан мен ушул нерселердин баардыгын айтсам, Сапар Исаков жаш кеңешчи кызы аркылуу мени «популист» деп атат. Эгер Сапар Исаков айта турган сөзү болсо, өзү жооп бербейби. Түз эфирге дебатка чакырсын. Баардыгын тастыктап берем. Жаш кыздын артына жашынганы Сапар Исаковго аброй алып келбейт,-деди Курманкул Зулушев.

Зулушев «премьер-министр кеңешчилеринин артына бекинип, өкмөттүн дарегине сын айткандарды жамандатып жатканын» белгиледи.

Жыйынга катышып жаткан премьер-министр Сапар Исаков муну депутаттын жеке пикири экенин, ким кандай иштегенин эл көрүп жатканын айтты.

28-мартта парламент жыйынында Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыкка байланыштуу Зулушев маселе көтөрүп, өкмөт саясий жактан да, финансылык жактан да, кадрдык жактан да банкрот болгонун билдирген.

Количество просмотров: 11