Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Ысык-Ата районунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50 тергөө абагына эки айга камалмай болду.
Анын бөгөт чарасы бүгүн 16-сентябрда аныкталды. Асановдун жактоочулары №50 абакта өтө оор кылмыш жасагандар отурарын белгилешти.
Курсан Асанов Жазык кодексинин 309-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу) боюнча кылмыш ишинин алкагында 14-сентябрь күнү кармалган.
Эске салсак, Курсан Асанов 2020-жылдын 6-октябрында ИИМдин жетекчилигине келип, бир нече күндөн кийин иштен кеткен. Быйыл 26- январда ага 2020-жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгүнүн («Имараттарды жана курулмаларды басып алуу») негизинде айып тагылган. Асанов алгач камалып, кийин үй камагына чыгарылган болчу.