• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Курсан Асанов үгүт иштерин үйүнөн кылат

15 Бештин айы 202019:14 Бишкек Govori.TV

Президенттикке талапкер, ИИМ министринин мурадагы орун басары Курсан Асанов үй камагында калтырылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда белгилүү болгонун анын жактоочусу кабарлады.

Анын айтымында, Асанов үй камагынан чыкмайынча Бишкек шаарынан чыгып, өлкөнүн аймактарында үгүт иштерин жүргүзө албайт.

«Анын талапкер катары укуктарын бузулуп жатат. Анткени ал шайлоочулар менен жолугушууларды толук өткөрө албайт. Адвокаттар бул чечимге каршы даттануу ниетин билдирдик»,-деди жактоочу.

Эске салсак, Асановго карата КР Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Үй камагына алуу боюнча профилактикалык чарасы бар, ага ылайык, ал Бишкектен чыгып кете албайт, ошондой эле кечки саат 11ге чейин үйүнө болуп калуусу керек.

Курсан Асанов сот чечимине каршы арызданмакчы. Отурум эртең, 16-декабрда, Бишкек шаардык сотунда дайындалды.

Эске сала кетсек, бүгүн мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо өнөктүгү башталды, ага 18 талапкер катышууда.

Количество просмотров: 111