• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Курсан Асановдун аялы митингке эмнеге чыкты?

10 Жалган куран 2020 12:53 Бишкек Govori.TV

Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында аялдардын укугун коргоо боюнча тынчтык митинг өтүүдө. Ага экс-президент Роза Отунбаева, жай жарандар, жарандык активисттер, коомдук ишмерлер келип катышууда. Ошондой эле митингге «Ала-Тоо айымдары» бирикмесинин мүчөлөрү да келишти. Аталган бирикменин мүчөсү Жыпара Баргибаеванын айтымында алар жаштарга акыл-насаат айтканы келишкен.

«Мен эч бир жакты жактоо же болбосо жамандоо максатында келген жок жокмун. Биз «Ала-Тоо айымдары» бирикмесинин атынан көз салуусу жана баамдоочу катары болуп келдик. Биз айымдар өзүбүздүн баалуктарыбызды коргообуз зарыл. Аял кишинин орду үй-бүлөдө эч качан эркек кишиден бийик болгон эмес. Эркек кишини урматтаган аял гана чыныгы бакытка жете алат. Аял киши чай куюш керек, бала төрөш керек», — деди ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Эске салсак, 8-март күнү Бишкекте «Аялдардын тилектештик жүрүшү» өтмөк. Бирок алгач калпак кийген беткапчан белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен. Түшүнүк кат жазгандан кийин демилгечилер кое берилген.

Кошумчалай кетсек, Жыпара Баргибаева Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун мурунку жубайы.

Количество просмотров: 11369