Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун үй камагындагы мөөнөтү 23-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.
Анын айтымында, Курсан Асановдун иши боюнча тергөө уланып, бирок ал суракка чакырыла элек.
Эске салсак, Курсан Асанов «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан алынган.
Ал эми Асанов өзүнө коюлган дооматты четке кагып, жеке кызыкчылыгын эч качан мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбой турганын билдирген.