• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Курултайдын катышуучулары уюштуруучуларга нараазычылык билдирүүдө

24 Жетинин айы 2018 12:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.11.2018.Govori.TV.
Бүгүн, 24-ноябрда Бишкектеги Кыргыз драма театрында коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрдүн курултайы өтүүдө. Анын аталышы — «Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең».
Курултайдын катышуучулары уюштуруучуларга нараазычылык билдирүүдө. Көпчүлүктүн талабы жалаң эле делегаттар эмес, карапайым элдин пикирин угуу керектигин эске салышты.
Иш-чарага жалпысынан 600дөн ашуун адам катышууда. Алардын катарында коомдук-саясий ишмерлер Медеткан Шеримкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков, Кылычбек Султан, Эмилбек Каптагаев, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Турсунбек Акун, Асия Сасыкбаева жана башкалар бар. Ал эми учурда мамлекеттик кызматта иштегендерден курултайга президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер Жеңиш Разаков, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевкелишти.

 

Количество просмотров: 21