• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Курултайдын статусу жөнүндө мыйзам долбоору качан каралат?

25 Жетинин айы 2022 13:23 Бишкек Govori.TV

Парламент жакын арада Элдик курултайдын статусу жөнүндө конституциялык мыйзам долбоорун карайт. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев билдирди.

«Парламент курултайдын статусу жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл ала элек. Курултайдын статусу жөнүндө ар кандай пикирлер бар, талкуу болот. Бирок, акыры, биз келечекте да иштей турган мыйзам кабыл алабыз деп ойлойм», — деди Шакиев.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен бүгүн Элдик Курултай ишин баштады. Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилерин кошкондо 1400 киши катышууда.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча Биринчи Элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Количество просмотров: 113