• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев фамилиясын өзгөртөт

26 Бештин айы 202411:54 Бишкек Govori.TV

Жаңы жылдан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев фамилиясын өзгөртөт. Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөгөн Нурланбек Шакиев фамилия тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейткен мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири катары жаңы жылдан тарта Нурланбек Тургунбекович эмес, Нурланбек Тургунбек уулу болорун билдирди.

Кошумчалай кетсек, сунушталган мыйзам долбоодо фамилиянын жана атасынын атына төмөнкү орфографиялык варианттарды киргизүү камтылган.

— Баланын атына чоң атасынын, атасынын аты кошулуп, «уулу» жана «кызы» сөздөрдү ата-энесинин каалоосу менен кошуу сунушталган.

— Эркектердин чоң атасынын атына «теги» сөзү кошулганда, атасына дын/тын, дин/тин, дүн/түн мүчөлөрүн кошуу сунушталган. Кыздарга дан/тан, ден/тен, дөн/төн кошуу сунушталды.

Количество просмотров: 369